ϳԹ

БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

ϳԹ HIGHLIGHTS

БААУнун магистратурасы

Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) - Эл аралык стандарттар менен маданияттар аралык баарлашууга басым жасалган дүйнөлүк деңгээлдеги магистартураны сунуштаган аймактагы алдыңкы билим берүү борбору.... Read More

БААУга окууга тапшыруу: эң популярдуу суроолорго жооп беребиз

Биздин социалдык түйүндөрдө абитуриенттер жана алардын ата-энелери окууга тапшыруу, сынактарга даярдануу жана окууга кабыл алуу шарттары тууралуу суроолорду көп узатышат. Бул публикацияда биз алардын эң популярдууларына жоопторду камдадык.... Read More

Function Art 2026 сынагынын жыйынтыгы

“Колдонмо математика жана информатика” программасы тарабынан жыл сайын Mathematical Analysis Iжана Mathematics for Business and Economics II курстарында билим алган студенттер арасында өткөрүлүп жаткан Function Art сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.... Read More

БААУнун окутуучулары Эл аралык долбоорго катышууда

6-июлда Бишкекте “Манас жана Махабхарата” цивилизациялык изилдөөлөр Эл аралык борбору ачылды. Ушул эле күнү хинди тилиндеги “Манас” эпосунун бет ачары өткөрүлдү.... Read More

БААУнун жыйынтыктоочу кабыл алуу сынагы 26-июлда

БААУнун кезектеги кабыл алуу сынактарына каттоо ачык жана ал 2026-жылдын 21-июлу кечки саат 17:00гө чейин уланат.... Read More

Нестана Жумашева: “Бул ар башка өлкөлөрдөн жана ар башка маданияттардан келген студенттер менен баарлашуунун эң сонун тажрыйбасы болду”

«Экологиялык туруктуулук жана климатология» факультетинин студенти Нестана Жумашева бул жылы төртүнчү курска өттү. Өткөн күздө, үчүнчү курста окуп жатканда, ал студенттерди алмашуу программасы боюнча Түштүк Кореянын Ульсан университетинде төрт ай өткөргөн.... Read More